Академик Иманалиевдин 70 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сoз

(Бишкек, 2001-ж. 12-сентябры)

 

Анри Кабань

 

Мен биринчи жолу академик Мурзабек Иманалиевди 1996-жылы Алматы шаарында академик Умурзак Султангазиндин алтымыш жылдык юбилейин майрамдоого уюштурулган конференцияга байланыштуу жолуктурганмын. Бул кезигишyyдo Иманалиев мырза мага англис тилине которулган кoп сандагы басылмаларын берген.

 

Мен айрыкча анын интегро-дифференциалдык теhдемелер системалары тууралуу эмгектерин жогору бааладым. Алардын кээ бирлери, маселен Уитхем тyрyндoгyлoр yчyн чыгаруу интегралдык теhдемелерди чыгарууга алып келинерин кoрсoткoн. Бyгyн тyштoн кийин мен жасай турган доклад газдардын кинематикалык теориясына негизделген Больцман теhдемеси тибиндеги интегро-дифференциалдык теhдемелерди изилдooгo арналган.

 

1997-жылы Иманалиев мырза мага чакыруу жиберген, анын негизинде мен Кыргызстандын  Илимдер Академиясы менен Париж Илимдер Академиясынын ортосундагы жакында тyзyлгoн келишимдин рамкасында Кыргызстанга барып келyy сунушу менен Париж Илимдер Академиясына кайрылдым. Менин сунушум адегенде Париж Илимдер Академиясы, андан кийин Кыргызстан Илимдер Академиясы тарабынан кабыл алынды.

 

ошентип, мен жана менин аялым биринчи жолу 1998-жылы Бишкекке келгенбиз. Мен кoптoгoн Кыргызстандык математик жана физик коллегаларым менен жолугушуу бактысына ээ болдум. Биздин биринчи келyyбyз, айрыкча Иманалиев мырза, анын аялы, балдары, неберелеринин жылуу кабыл алуусу тууралуу жагымдуу эскерyyлoрдy сактап жyрoбyз.

 

ошентип, мен Париж Илимдер Академиясынын атынан академик Иманалиевдин жетимиш жылдыгына карата анын достору жана окуучулары тарабынан уюштурулган конференцияга катышуу yчyн келгениме oтo бактылуумун. Мен Иманалиев мырзага изилдooлoрyндo жана илимий ишмердигинде кoп жана yзyрлyy жылдарды каалаймын. Ошондой эле, ага, аялына, балдарына жана неберелерине бактылуу кoп жылдарды каалаймын.