Анри Кабандын Одиссеясы 1943-1945

 

I. Франциядан Испания аркылуу качып кетъъ

1. Качууга даярдануу

2. Пиреней тоолору аркылуу ётъъ

3. Испаниядан ашуу

4. Мароккого жолго аттануу

 

II. Согуштук аба-къчтёрънё киръъ

5. Касабланка жана Алжир

6. Марракеш

7. Улуу Британия

 

I. Франциядан Испания аркылуу качып кетъъ

 

1. Качууга даярдануу

 

1942-жылдын октябрь айында Политехникалык мектепти экинчи жолу таштап Жогорку Нормалдуу мектепке кирдим. Политехникалык мектепке биринчи жолу 1941-жылы Париждеги Ыйык Луи атындагы лицейдин математикалык багыттагы даярдоо классында окуучу болуп жургёнъмдё эле кабыл алынган болчумун. 1943-жылы 16-февралда мамлекеттик радиодон милдеттъъ турдё аткарылуучу жумуш кызматы (МТАЖК) уюштурулгандыгы тууралуу жарыялайт. 1920, 1921 жана 1922-жылдары туулган жаш уландар Германияга милдеттъъ търдё аткаруучу жумушка тартылат. Ошол эле учурда 21 жаштан 31 жашка чейинки жаштарды жалпы аскердик кызматка тартуу башталат. Ошол эле кънъ кечинде Лондондон "Аскердик кызматка тартуу жоголсун!" деген тез чакырык келет. Аскердик кызматтан баш тарткандардын саны аябай кёбёйё баштайт. Лондондогу француздардын МТАЖКга каршы кампаниясы ёзънён мурун уюшулган радиокампаниялардан алдыга ётъп кетет. "Сен согушту кыскарткыь келсе Гитлер ъчън иштебе!". 1943-жылдын 1-августунда аскердик кызматтан баш тарткандардын саны 85000 ге жетет. Мен 1923-жылы туулганыма байланыштуу ал мага тийиштъъ эмес болчу, бирок мен Нормалдуу мектепте окуумду токтотуп Англияга же Тъндък Африкага кетъънъ чечтим.

1943-жылдын август айында жалпы физика, дифференциалдык эсептёёлёр жана математикалык анализден къбёлък алуу ъчън сынактарды тапшыргандан бир ай ёткёндён кийин мен Бийик Пиреней аймагында жайгашкан Бернаде-Деба шаарына, туугандарым башкарышкан фермага айыл-чарба жумушуна бардым. Айылдан ъч жигит, Испаниянын чек арасына чейинки аралык 70 эле км экендигине карабастан, МТАЖКнын чакыруусу менен Германияга кеткенин угуп аябай таь калдым. Тарб шаарында ата-энемдин досу Денис Прънеге жолугуп, Тъндък Африкага баргым келгени жёнъндё айттым. Ал мага Франция жана Испаниянын чек арасын ётъъ ъчън жашыруун уюмга кайрылуу керектигин айтты. Тарб шаарынан кеткенге чейин анын ъйъндё жърдъм. Марсель шаары аркылуу кайтып Парижге чоь энемдикине бардым. Ал менин оюма каршы чыкты, анткени атамды, Париждеги университеттин табигый илимдер факультетинин профессорун, камакка алышы мъмкън эле. Мен Вар департаментиндеги, Марсель менен Тулон шаарларынын ортосундагы жээкте жайгашкан Лек айылындагы, ата-энемдин ъйъндё да бир нече кън турдум. Ошондо жээктеги короо жайларга жайгашкан десанттардан коргонуу ъчън курулган ар търдъъ курулуштарды кёьъл коюп карадым.

Парижге келгенде улуу байкемдин курдаштары, Жогорку Политехникалык мектептин окуучулары, Фонтане менен Байле жашыруун жол менен Испанияга жёнётъп жаткан мекемелерди издеп жъръшкёндёрън билдим; мындай издёё оьой эмес болчу, анын бирёёсъ тууралуу билгеним мен ъчън чоь мъмкъндък болдую. Фонтане Политехникалык мектептен чыгып Лурд шаарына жёнёйт. Ал ошол жерде бир жашыруун мекеменин кишилери менен жолукмак, бирок ал мекеме къйъп кеткендиктен иштебей калган болчу эле. Ошондуктан ал Огсбург шаарындагы Месерсшмит заводу ъчън иштеген Кодрон Рено изилдёё борборуна убактылуу кошулуу ъчън Парижге кайтып келет. Жогорку Политехникалык мектептин бир нече окуучулары ошол жерде МТАЖКнын атынан иштечъ. Ал жерде Политехникалык мектепте окуган курдашы Байлеге жолугат. Кээ бир табигый факультеттин студенттери МТАЖКнын талабы боюнча иштешчъ. Фонтане менен Байле менин жашыруун уюм жёнъндё билеримди жана жалгыз болбой ёзъмё шерик издеп жъргёнъмдъ байкемден угушуптур. Алардын сунушу менен ъчёёбъз бирге кетъънъ чечтик. Сентябрдын акыркы къндёрънън биринде мен атам менен Жогорку Нормалдуу мектептин директорунун орун басары Жорж Бръага жолугуп менин Франциянын тъштъгънё эс алганы кетип жатканым тууралуу айттык. Мырза Бръа мага ийгилик каалады; мен ошол бойдон ага жолукканым жок, себеби ал Бухенвальд топтоштуруу лагерине айдалган жана Захсенхаузен топтоштуруу лагеринде ёлгён. 1943-жылы 4-октябрь кънъ Фонтане менен Байле ёздёрънън окуу борборунан житип кетишет, ъчёёбъз бирге тъндё Остерлиц вокзалынан поезд менен Тулуза шаарына жёнёп кеттик.

Виерзон шаарында жарым тъндё жъргънчълёрдъ текшерген немис солдаты мага поездден тъшъъмдъ немисче айтты, анткени менин къбёлък катымда керектъъ мёёр жок болчу. Ошентип мен поездден тъшъп калган тъндъ запас жолдо турган бош вагондо ёткёрдъм. Эртеси кънъ Виерзон шаарындагы комендатурага барып керектъъ мёёрдъ къбёлък катыма койдурдум. Станцияга кайтып келип Тулуза шаарына жёнёй турган кийинки поездди къттъм. Ал шаарга 5 октябрь кънъ кечки саат сегиздерде келдим. Мейманканага токтоо коркунучтуу болгондуктан, Жан Ком досумдун Тор кёчёсъндё жашаган ата-энесинике бардым. Тулуза, Тарб, Мадрид, Касабланка, Алжир жана Браззавиль шаарларындагы кёптёгён даректерди жатка билчъмън, себеби жаныьда жазма документтерди алып жъръъ абирийиьди кетириши мъмкън эле. Жан Ком жана анын ата-энеси мени башка планетадан келген кишини кёргёндёй таь калышып кътъп алышты. Эртеси Тарб шаарына баруучу поездге отурдум жана ал жерге тъштён кийин жетип Пръне мырзанын ъйънё бардым. Экёёбъз съйлёшъп тёмёндёгъдёй чечимге келдик: кечинде анын ъйъндё тънёп жана эртеь мененки тамакты жеп алып, калган убакытты ъйдён башка жерде ёткёрмёй болдум. Бир кън мурун Пръне мырзага Фонтане менен Байле келишкен болчу, алар деле меникиндей шарт менен Байленин эжесинин досунукунда Испанияга кеткенге чейин жайгашышкан экен. Эртеси учёёбъз жолугуштук да кън сайын экёёбъз бирге, а ъчънчъбъз ёзъ жалгыз жъръш керек деп чечтик; эмне дегенде ъч 20 жаштагы жигиттер Тарбдын кёчёлёръндё бирге сандалып жъръъ туура эмес болчу. Натыйжада ар бирибиз кезек менен Тарбдын ичинде эмес анын айланасында жалгыздан жърмёй болдук. Болгону бир жолу биз ъчёёбъз бирге Лурдга барып келдик. Биз качуу планын уюштуруучуларды кёргён эмеспиз. Алар бизге жума кънъ 1943 жылдын 15 октябрында, бир нече къндък тамак-аш даярдап алып Тарбдын вокзалына келгиле деп кабар беришти. Ошол эле кънъ ёзъмё керексиз буюмдарды чемоданга салып Парижге ата-энеме жёнёттъм.

 

2. Пиреней тоолору аркылуу ётъъ

 

Биз ар бирибиз ёз жолубуз менен Тарб вокзалына белгиленген убакытка келдик, эки киши, ыктымал уюмдун жооптуу кызматкерлеринендир, ар бирибизди алдына ала 3000 франктан тёлёшъбъздъ суранышты (ал убакта Мамлекеттик Илимий изилдёё борбордо жаьыдан иштей баштаган илимий кызматкер айына 2000 франк алчу). Баньер - де - Бигорго жёнёёчъ пассажирдик поезд вокзалда туруптур; бул поездде ъчънчъ класстын вагондору эки жагынан теь эшиги бар ёзънчё купелерге бёлънгён болчу. Фонтане, Байле ъчёёбъзгё бир купенин эшигин ачып, купеге отурушубузду суранышты. Купенин тёбёсъндёгъ лампа сынык болгондуктан биз купеде олтурган эки жолоочуну араь ажырата алдык. Поезд Пуза шаарында токтору менен, купедеги жъргънчълёрдън бирёёсъ жанаша темир жолго чыгуучу эшикти ачып бизге ушул жерде поездден тъшёръбъздъ айтты жана биз ушул жерден тъшъп калдык. Поезд жылары менен бизге Пиреней аркылуу ётъъчълёрдън саны тогуз жана эки-ъч жол кёрсётъъчъ бар экендиги белгилъъ болду. Баньер де - Бигор тыюу салынган зона болгондуктан ал жерге немистердин уруксатысыз эч ким киргизилген эмес. Ошондуктан биз талаалар, шалбаалар аркылуу Санта-Мария-де-Кампаьдан ётъп тъндёп Аспеь (Aspin) ашуусуна бардык. Жол кёрсётъъчълёр эртеь мындан аркы жолду башка кишилер кёрсётёёрън айтып биз менен кош айтышты. Ачык асман алдында октябрдын суук кънъндё 1500 метр бийиктикте уктоого аркеттендик. Биринчи тъндъ жолдо, а къндъ Аспеь ашуусундагы токойдо ёз ара таанышуу менен ёткёрдък. Эь жашыбыз зордук менен Германия кошуну Вермахтка кызматка жёнётългён 17 жаштагы Эльзастан келген бала. Ал дезертир, Мароккодогу Француз армиясына кошулуу ъчън качып чыккан. Экинчиси болсо Сеь Сир мектебине киръъ ъчън конкурстук сынактарды ийгиликтъъ тапшырган бала. Ал Испанияга компас жана картаны пайдаланып Пиреней аркылуу ётъп кетъънъ ойлогон; анын жъгъ оор жана алдан тайып калган эле, Фонтане менен Байле Жогорку Нормалдуу мектептен, мен болсо Жогорку Политехникалык мектептен экенибизди угуп тынчсызданбай калды, бизде болсо эки-ъч къндък тамак салынган жеьил баштыгыбыз гана бар эле. Калгандары жакшы эсимде калбады.

16-октябрь ишемби кънъ кечинде жаьы жол кёрсётъъчълёр келип, бир нече саатта бир кампага алып барды. Калган тъндъ, эртеси 17-октябрь жекшемби къндъ ошол жерде ёткёрдък. Ошол кънъ кечинде дагы башка жол кёрсётъъчълёр келип Вьей-Ор айылындагы кёпърёдён тобокел кылып ётъшъбъз керек эле. Эь коркунучтуу ёткёёл, ёрёёндън аркы ёйъзънё ёткёръъчъ кёпърё, Вьей-Ор айылында жайгашкан эле. Немис солдаттар айылдын кафесинде тамактанышып жаткан болчу. Жол кёрсётъъчълёрдън белги беръъсъ менен биз бир-бирден кёпърёдён ёттък да, сланец кенине барып эрте мененки 5 ке чейин эс алдык. Андан соь жаьы жол кёрсётъъчълёр менен жолубузду уланттык. Тоонун чыгыш тарабындагы жалгыз аяк жол менен Риумажу жатаканасынын ъстъндё жайгашкан зонага 18-октябрь дъйшёмбъ кънъ саат 11 де жеттик. Кар жолду беките баштаган экен.

Жол кёрсётъъчълёр бизге, артында Испания жайгашкан (бийиктиги 2457 метр болгон) Порт-дъ-Плаь ашуусун кёрсётъштъ жана жарым саатта ал жерге жетерибизди айтышты. Биз бийиктикке жете баштаганда кар аз эле, кийин тизеге чейин жетти. Тъшкъ саат экиде ашуу жакын сезилгени менен ага жетъъ аябай кыйынга турду. Саат он беште аябай чарчап кыйналганымдан баштыгымды карга таштадым. Фонтане мене Байле мага караганда алдуураак болгондуктан баштыгымды ала чыгышты. Алтообуз сапарыбызды уланттык, калган ъчёё чарчагандыктан ёрёёнгё кайтып кетишти. Саат 16 да чек арадагы Порт-дъ-Плаь ашуусуна жеттик. Албетте, немистер да, алардын француз жардамчылары да бардык ашууларды кёзёмёлгё алышпаган, айрыкча Порт-дъ-Плаь сыяктуу татаал ашууларды.

 

 

3. Испаниядан ашуу.

 

Биз Испанияга жеттик. Франциядан Испанияга келген 23000 француздун арасында биз да бар элек, бирок аны билчъ эмеспиз. Кеч киргенде ёрёёнгё тъшъп тънёк ъчън жер таптык жана кийимибиз суу болгондуктан саманда жылаьач уктадык. Бул биздин Тарбдан чыккандан берки биринчи жакшы эс алган тънъбъз болду. Эртеси 19-октябрь шейшемби кънъ Сенкета ёрёёнън кёздёй сапар тарттык. Ага кёпърё аркылуу гана ётёсъь. Кёпърёнън аркы башында (Испанияны коргоо кызматындагылар) Испандык жандармдар ар търдъъ бийик ашуулардан ётъп келген жаш француздарды кътъп турушкан. Биз жандармдардын иши бъткёнгё чейин бирге туруп андан кийин саат 16 да Плаь айылына бардык. Дыйкандар бизди жакшы кътъп алып, тамактарын беришти. Жандармдар бир нече къндён кийин жакын шаарга алып барып консул менен жолугуштурарын айтышты жана ёздёрънън имаратына бекитип кетишти. Къндъзъ бизди бош коюшат, бизде эч нерсе калбаган, качалы десек жолду билбейбиз, ошондуктан айылды кыдырып курсагыбызды эптеп тойгузуп келебиз, эл да ётё жарды жашайт экен. Айткандай эле бир нече къндён соь, так эсимде жок, консулга жолугуу ъчън 12 км жёё жъръп Салинас-де-Син шаарына жеттик. Андан автобуска олтуруп 106 км алыстагы Барбастро шаарына барышыбыз керек эле. Жандармдар автобуска тёлёш ъчън бизден акча сурашты. Бирок биз аларга акчабыз жок экендигин айттык (чындыгында бир аз акчабызды аларга айтпай сактагыбыз келди).

Акчабыз жок экендигин укканда алар шаарга жёё барышыбызды эскертти. Жолдо кёп жёё басып кёнгёндъктён андан чочуганыбыз жок. Кийинки айылга жеткенде Биелсадан келе жаткан автобуска олтурдук. Энса шаарына жеткенде автобус токтоду; къзётчълёр бизди кафеге алып киришти, кафенин башчысы бизди акысыз тамактандырды. Испандар бизди Франконун бийлигине жана Германияга каршы кърёшкён эр жърёк катары сезишчъ. Кечки саат 8 де Барбастрого жеттик. Къзётчълёр бизди эски монастырга алып келип киргизишти. Эшик жабылганда биз консулга жолукпай търмёгё тъшкёнъбъздъ сездик, бирок биздин колубуздан эч нерсе келбейт болчу.

Биз търмёдё болчубуз. Бизди каттодон ёткёръп, бардык нерселерибизди башкача айтканда катып койгон акчабызды алып коюшту да 70 француз отурган чоь бёлмёгё киргизишти. Търмёдёгъ жолдошторубуз кысылышып, бизге 4 саман матрац беришти. Фонтане, Байле жана мен эки матрацта бир ай бою бирге жаттык.

26-декабрь Малага шаарына жёнёгён кънгё чейин ъйдён чыккандагы кийимибиз боюнча жърдък; ошол кънъ Мадриддеги Кызыл Крест коому (кайсынысы экендиги белгисиз) бизге жаьы кийимдерди берди. Търмёдё бирге отургандар бизге търдъъ суроолорду беришти, берген суроолоруна караганда алар търмёдё жок дегенде алты айдан бери олтургандай сезилип, биз да кёп олтурат экенбиз деп корктук. Биртике съйлёшкёндён кийин биздин кёьълъбъздън чёккёнън кёръп каткырып кълё башташты, кёрсё алар жаьы келгендерди ушинтип тамашалашат экен. Эртеси търмёнън чачтарачына барып чачтарыбызды, сакал-мурутубузду кырдырып салдык; саат ондордо търмёнън короосуна бёлмёдёгълёрдън баары бир саатка чыгышты; ал жерде башка залда олтурган француздар менен жолуктук. Фонтано менен Байле Жогорку Политехникалык мектепте бирге окуган жолдошуна, а мен болсо улуу агамдын Ыйык Луи мектебинде бирге окуган жолдошу Жан-Бейдонго жолуктум. Жан-Бейдон Жогорку Аскердик мектебине тапшырган, ал мектеп жабылганына байланыштуу Париждеги борбордук мектепте окуп жаткан болчу.

Барбастро търмёсъндё бизден башка кёп жылга камалган испан республикачылдар да бар эле, алар француздар менен бир убакта короого чыгышпайт эле, себеби баары бир учурда чыгышса короого батчу эмес. Алар ар жекшемби кънъ милдеттъъ търдё мессага катышчу, а француздар ъчън милдеттъъ эмес болсо да залдан чыгуу ъчън барчу. Търмёгё дайыма чек арадан ёткён француздар тъшъп турчу. Бир кънъ баягы Порт-дъ-Плаь ашуусуна чыга албай кайткан 3 жолдошубуздун бирине жолуктук. Ал 21 жаштагы Сен Сир Жогорку мектебине киръъ сынактарын ийгиликтъъ тапшырган Сапондун карда тоьуп ёлгёнън, а экинчиси менен болсо Риумажу жатаканасына тъшъп келгенин айтып берди.

Търмёнън жетекчиси ъзгълтъксъз Барбастро търмёсънён кетъъчълёрдън тизмесин окуп турчу. Бир ай ёткёндён кийин мен, Фонтане жана Байле ошол тизмеге тъштък. Биз ётё кубандык жана байланган колдорубуз менен Сарагоса шаарына поездде жёнёдък. Сарагосанын вокзалына келип жёё бири-бирибизге байланган бойдон кёчёлёр менен търмёгё бардык. Ал заманга ылайык търмё болчу. Ал жерде бизди 10 кв.м бёлмёгё 15 кишиден бёлъп салышты; бурчта кран жана биз даараткана катары пайдаланчу кичинекей тешик бар болчу. Бир-эки сааттан кийин бизге саман матрац алып келип беришти, бирок баарыбыз бир убакта уктоо мъмкън эмес болчу. Бул тозок ъч кънгё созулду, андан соь биз кайрадан поезд менен Миранда топтоштуруу лагерине жёнёдък.

Миранда лагери Барбастронун търмёсънён жана Сарагосанын тозогунан кийин бизге бейиштей сезилди. Лагерди Франко граждандык согуш убагында гитлердин кеьеши менен курган. Ал кёптёгён жыгач балагандан курулган болчу жана ага миьдеген камалган кишилер кеьири батчу; ар бир баракта 120 дан 130 га чейин киши жатса болот. Ал дубалдардан, тикенектъъ сымдан жана байкоо жъргъзъъчъ мунарадан турган армия къзёткён классикалык лагер эле. Лагерди майор башкарган. Топтоштуруу лагерде турмуштун орой чындыгы айрыкча кир, жийиркенте турган табактарды, кашыктарды, самандан жасалган матрацтарды жана жыртык жагымсыз жыттанган жууркандарды бергенде билинип турчу. Ар бир баракта борбордук кориодор болгон, ал коридордун эки жагында теь кичинекей эки кабаттуу бёлмёлёр жайгашкан; ар бир бёлмё" бири-биринен эски жууркандар менен бёлънгён. Жалгыз лампа коридорго къьърт жарык берет эле. Ар бир бёлмёдё кёп кишиден жашайт эле. Мен барактардын бирине жайгаштым, а Фонтане менен Байлени Политехникалык мектептин окуучулары болушкандыгы ъчън офицердик павильондо жайгаштырышты жана мен аларды ошол жерге барып кёръп турчумун.

Ошондой жолуугулардын биринде Ыйык Луи лицейинде таанышкан Жан Руссонун офицердик павильондо жашаганын билдим; ал 1943 жылы Политехникалык мектепке киръъ конкурстук экзаменин ийгиликтъъ тапшырган эле., Павильон наамы боюнча баарынан чоь, капитан Луинин жоопкерчилиги астында болчу. Мен капитан Луиге Жан Руссого окшош офицердик павильондо жашаганга укугум бар экендигин айттым, анткени мен деле Политехникалык мектепке бир эмес эки жолу 1941 жана 1942 жылдары ёткёнъмдъ бирок педагогикалык институтка киргениме байланыштуу ал жакта окубай калгандыгымды тъшъндъръп айттым. Барбастродо жана Сарагосада Фонтане, Байле жана мени менен бирге болгон капитан Луи мага буюмдарымды алып, кёчъп келъъгё уруксат берди, мен аны тез аткардым. Албетте Мирандада турмуш оор жана жийиркеничтъъ болчу; Миранда деьиз деьгээлинен 460 м бийиктикте Билбаонун 80 км. тъштък тарабындагы Эбро дарыясынын боюнда жайгашкан, а биз ал жерде декабрда болгонбуз.

Лагердин ичинде биз эркин жърчъбъз. Ар 15 къндё бир нече жъздёгён, мъмкън миьдеген эркиндикке чыгуучулардын тизмеси илинчъ. 1943 жылдын 24 декабрында Фонтане, Байле жана мен ошол тизмеге илиндик. 25 декабрда биз Миранда лагеринин эшигинен чыгып Испаниядагы эркин кишилерден болуп калдык.

 

4. Мароккого жолго аттануу.

 

Лагерден кетердин алдында бизди, Алжирде жайгашкан Француздук Улуттук Эркиндикке Чыгаруу Комитетинин делегаттары кабыл алышты. Мирандадагы ресторанга барып кёптён бери эьсеп жъргёндёй тамактандык да кечинде Мадридге поезд менен жёнёдък. Мадридге 26 декабрь кънъ эртеь менен жеттик. Бизди Кызыл Крест борборуна алып келишти, ал жерде Парижден кийип чыккан, шарттын жоктугуна байланыштуу алмаштыра албай келген, кийимибизди алмаштырдык. Жуунуп, сакал-мурутту алып, жаьы кийимдерди кийип курсакты тойгозгондон кийин бизге кичине испандардын акчасын беришти да кечинде Малагага кетъъ ъчън кайтып келишибизди ётънъштъ. Мен 1939 жылы Педагогикалык институтка ёткён Ги Лефортко барып жолуктум, ал Мадриддеги француз лицейинде иштечъ. Мырза Каркопино Жогорку Нормалдуу мектептин директору жана анын орун басары мырза Бръа Мадриддеги француз лицейине ёздёрънън бир нече окуучуларын чакыртышып алган болчу. Ошентип алар МТАЖКнын тартуусунан кутулушкан. Албетте бул студенттер Мадридге уктоого арналган вагондо виза менен келишкен. Лефорттун дареги мен жатка билген даректердин бири болчу. Ал мени ёзънё чакырып, мага ёзънън Француз лицейиндеги коллегалары сыяктуу Де Голльдун тарабында экендигин сыймыктануу менен айтты. Ал бизге акчаны Петэь эмес Де Голльдун тёлёрън айтты. Аны эр жърёктъгъ менен куттуктап, ёзъмдън согуштук-аба къчтёрънё киръъ ъчън Мароккого жёнёп кетип жатканымды айттым.

Биз Мадридден автобус менен кетип тънъ менен жърдък, алар бизге ыьгайлуу эле кёръндъ, бирок ушул учурда биз ъчън эмне болсо да ыьгайлуу кёрънмёк. Таь алдында биз Гренад шаарында жарым саатка токтодук. Малага шаарына дъйшёмбъ кънъ 1943-жылдын 27-декабрында эрте менен келдик. 1500гё жакын француз Миранданын търмёсънён, ал эми калгандары болсо ар търдъъ търмёлёрдён, мейманканалардан жана чек арада жайгашкан ъйлёрдён келишкен болушчу, 18 жашка толо элегин айтышкан 2000 ге жакын француз кармалган эле. Малагадан кеткенге чейин бизди матрац ордуна саман тёгългён аренага жайгаштырышты. Къндъзъ биз бош элек.

21-октябрдан 29-декабрга чейин эки кемеде жайгашкан алты топ менен Франциядан качкан 9000 ге жакын жаш француздарды Малагадан чыгарып кетишти. 29 декабрда Сиди Брахим жана Генерал губернатор Лепин деген кемелер Малаганын гаванында турган эле; Фонтане, Байле жана мен аренада бирге жашашкан 1500 француз менен портко келип кемеге тъштък Тъштён кийин Испаниянын улам узап бараткан жээгин карап кеттик. Биз Мароккого сапар тарттык. Мен жума кънъ 1943-жылдын 31-декабрында Африканын жээгиндеги Касабланка шаарына тъштъм. Ушинтип, Франциядан качуу, Парижден Касабланкага чейинки саякат бъттъ. Ал 88 кънгё созулду.

 

 

II. Согуштук- аба къчтёрънё киръъ.

 

5. Касабланка жана Алжир.

 

Жума кънъ 1943-жылдын 31-декабрында Малагадан Касабланкага келген бардык француздарды кёптёгён формалдуулуктарды бътъръъ ъчън ёткёръъчъ лагерге алып барышты. Биринчиден, убактылуу къбёлък кат алыш керек болчу. Андан кийин офицерлер бизге ёмър баяныбыз, окуубуз, Пиренейди ашып ёткёнъбъз жана Испаниядагы жашообуз жёнъндёгъ кёптёгён суроолорду беришти. Мына ушинтип, 18-октябрдан - Франция жана Испаниянын чек арасынан ёткёндён къндён баштап эле мен кенже лейтенант болуп дайындалганымды билдим. Франциядан кетерге чейин тёмёнкъ тёрт согуштук окуу жайында: Политехникалык мектептепте, Сен Сир мектебинде, Согуш-деьиз окуу жайында, Авиациялык окуу жайында, же тёмёнкъ Жарактык институттарда: Педагогикалык институтта, Париждеги Тоо институтунда, Жол транспорт институтунда, Париждин борбордук мектебинде же Колониялдык мектепте окугандардын баары мыйзамга ылайык кенже лейтенанттын чинин алышты.

Башка офицерлер бизден Францияда кийинки боло турган согуш аракеттеринде эмне ётё кызыктуу болушу мъмкън деп сурашты; анда мен Лек пляжында жана жээктеги короолордогу коргоо системасы жёнъндё билгенимди айтып бердим. Согуш бъткёнгё чейин согуштук-аба къчтёръндё кызмат кылам деген милдеттенмеге кол койдум. Ошол къндён баштап Фонтане менен Байле менден бёлёк ёз жолу менен кетишти. Фонтане артиллерияны, а Байле танк кошунун тандашты. Франциядан келген жаштар каалаган кошунунда кызмат кылар эле. Испаниядан келген ар бир топтон бир нече жалган элзастыктарды табышчу, чындыгында алар немис тыьчылар болушчу: аларды атып салышар эле. Дъйшёмбъ кънъ 1944-жылдын 4-январында бизди 209-согуштук базага жёнётъштъ, ал жерде бизге бът аскер жарак-жабдыгын беришти. Ошол эле жерде мен Алжирге кетъънъ къттъм, Алжирде менин Жогорку Нормалдуу мектепке ёткён же ётпёгёнъмдъ Расмий Журналдан текшерип далилдегенден кийин менин кенже лейтенант деген аскердик даражам къчънё кирмек.

Касабланкада энемдин тууганы Андре Муатесиеникине бардым. Ал мага Жогорку Нормалдуу мектепке мен ёткён жылы ёткён Марсел Буатёнън бир нече айдан бери Касабланкада экендигин айтты. Марсел экёёбъз 1942-1943-окуу жылдары бир бёлмёдё бирге жашаган элек, бирок бир бирибиздин окууну таштап Тъндък Африкадагы француз армиясына барып кошулуу жёнъндёгъ пландарыбызды билбейт болчубуз. Ал Испанияны эки жуманын ичинде эле Испандыктардын колуна тъшпёстён кесип ёткён. Ал аны тёмёндёгъдёй тъшъндърёт: Пиренейден Францияда авария болгон америкалык учкучтар менен бирге ётёт; алар Испанияга келип ёздёрънън Мадриддеги элчилигине кайрылышат; франко-америкалыктарды търмёгё камакка алчу эмес, жана элчилигинин ёкълъ учкучтар менен бирге Буатонъ Гибралтарга жеткирет. 209-чакыруу жайында Ланглуа-Бертело менен тааныштым, ал Испаниядан мен келген топто келген экен, ал да Политехникалык мектепке киръъ конкурстук сынагын ийгилъктъъ тапшырган экен, мага окшоп Алжирге кетъънъ кътъп жъръптър. Испанияда ал 17 жаштамын дегени ъчън балнеологиялык борбордо жашаган: мага караганда Испанияда кантип жъръш керек экендигин жакшы билген. Акыры Ланглуа-Бертело экёёбъз поезддин мъйъздъъ мал ташуучу вагонуна ыьгайлуу жайгашып алып Алжирге жёнёдък.

Британиялык, америкалык жана француз аскерлерден турган чоь кошун тъндък Африкада жайгашкан болчу, ошон ъчън ал кёптёгён транспорттук проблемаларды туудурчу. Кёптёгён токтоолор менен бир нече къндё 16-январь кънъ Алжирге кирип бардык; биз жиберилген 320-базага кошулдук да кёптёгён формалдуулуктардан кийин къбёлък жана 3-мартта кенже лейтенанттын аскердик даражасын алдык. Алжирге келип эле алжир радиосуна тапирдин тумшугу асманга карайт деген кабарды жёнётъъ ъчън бардым. Алжир радиосунан айтылган ушул кабар ата-энем жана досторум ъчън менин Тъндък Африкага жеткенимди билдирет. Досторум аны угушары менен эле ата-энеме кабар беришиптир. Алжирде ёткёргён алты жуманын ичинде Париждеги табигый факультеттин профессору Жорж Дармуага жолуктум, ал мага ошол эле факультеттин башка профессору Ив Рокардын Алжирде экендигин айтты. Мен анын Жогорку Нормалдуу мектепте биринчи курстарга окуган лекцияларына катышып, июль айында болгон жалпы физикадан къбёлък алуу ъчън ооз эки сынактардын бирёёсън ага тапшырган болчумун. Рокар мырза Франциядан самолет менен келген; ал радиомаяктар боюнча адис болчу, ошон ъчън англистер ага Лизандер жиберишкен самолет 1943-жылдын 13-сентябрынан 14-сентябрына ёткён тънъ Пуатье департаментине конгон. Лизандер кичинекей бир моторлуу тёрт орундуу самолет. Алар ай толгон тъндёрдё шалбааларга каршылык кёрсётъъчъ кыймылдын катышуучулары кёрсёткён жерге конушчу. 640 киши ошондой жол менен Франциядан Англияга ётъшкён; бул санды Пиренейди ийгиликтъъ ашып ёткён 23000 жана кырсыкка кабылган 7000 кишинин саны менен салыштырсак болот. Бул санга дагы миьдеген чет элдиктерди кошуу керек.

Алты жума бою къндё Алжир университетинин китепканасына барып жърдъм. Албетте согуш бъткёндён кийин мен Жогорку Нормалдуу мектепке кайтып окуйм деген оюм бар ъчън матеметикадан алган билимимди унутпашым керек эле. Китепканада окуп Адамардын жёнёкёй сандардын бёлъштъръънън теоремасын далилдеп трансценденттик сандарды окуй баштадым. Алжирден сейрек кезигъъчъ илимий эмгектердин бири болгон Анри Пуанкаренин ъч томдон турган Асман механикасы деген китебин сатып алдым. Ошондой эле Алжирде таекем Альберт Фабриникине жана таежемдикине барып турчумун: алар Клод Бернар кёчёсъндёгъ ъйдё турушчу; алар аябай меймандос адамдар болушчу ошон ъчън алардыкында кёп жолу тънёгём. Март айынын башында Ланглуа экёёбъз кенже лейтенант аскердик даражасын алган тууралуу документтерди жана ёткён айлардын кызмат акысын алдык. Биз артка Касабланкага бул жолу пассажирдик вагондо кайттык, бирок эмнегедир бул жолу да жол аябай узак кёръндъ. Касабланкада бизди башка жыйырма студент кадеттер менен бирге штурмандарды даярдоо борборуна жёнётъштъ. Биз ал жерде 12-апрелге чейин болдук.

 

6. Марракеш.

 

13-апрелде, бардык стажерлор, атап айтканда эки кенже лейтенант Ланглуа, мен жана жыйырмага жакын кадет Марракештеги Штурмандардын Тажрыйбалык Мектебине келдик. Капитан, мектептин башчысы, Ланглуа менен менин аскер болуп кызмат кылбай туруп кенже лейтенант чинин алганыбызды туура эмес деп айтты. Ошон ъчън ал бизди кадеттер менен бирге тамактанып бирге уктайсыьар деп айтты. Кёп керебеттер бар чоь баракта жашоо биз ъчън кыйынчылык туудурган жок; бирок тамактануу ъчън колубузга казан кармап бизди тейлеген мароккандык солдаттардын алдында кезекте турушубуз керек эле. Бул аскерлер эки офицер алар аскерлер деп эсептешкен студент кадеттер менен кезекте турганын кёръп таь калышты. Биз аябай уяалганыбыздан ъч къндён кийин лейтенанттык пагондорубузду алып салдык. Абал жагымсыз болгондуктан мен Ланглуага капитанга барып тъшъндъръп айталы деп сунуш кылдым; ал кёнбёгёндъктён мен ёзъм барып капитанга тъшъндъръп айткандан кийин капитан ката кеткенин мойнуна алып, бизди офицерлер катарына жайгаштырды. Марракештеги мектепте мен штурмандар даярдоо курсун тандап алдым. Бул ъчън, бизди окуткан мугалимдер атайын математикалык класстардын деьгээлинде деп эсептешкен теоретикалык курстарда окудук, бирок менин оюмча мектептин 10-классынынын деьгээлинде эле болчу. Ошол эле учурда биз же штурман катарында же жъргънчъ катарында учушубуз керек эле, анткени штурмандын лицензиясын алуу ъчън 100 саат учуу талап кылынар эле. Биз Лео 45 же Сесна самолетторунда учтук. Авиабазада жашоо абдан арзан болгондуктан биз айлыгыбыздын 90% ин гана коротчубуз. Мына ошондуктан ар айда айлык алганыбызда биз жоро жолдошторубуз менен дъйнёгё таанымал болгон сонун Мамония мейманканасына тамактанганы барчубуз; Черчилдин ушул мейманканага токтоп эс ала турган адаты бар эле; тамактары абдан сонун болчу, а баалары болсо сапатына жараша болчу. Бир жолу мен Фонтане жана Байле менен Могадордо, азыр ал жер Эссауира деп аталат жолуктум жана ошол кънъмдъ алар менен бирге ёткёрдъм, мен бул кънкъ окууну уруксатсыз калтырдым жана кайтып келгенимде мага менин фамилиям ошол кънкъ учкучтардын катарына киргизилгендигин айтышты. Бирок менин жолдошторумдун ак кёьълдъълъгъ жана машыктыруучунун туура тъшънгёндъгъ мени жазадан куткарды. Окуунун аяк жагында Ланглуа студент учкуч менен жъргънчъ катарында учуп, жерге конордун алдында аварияга учурап экёё теь каза болушту. Башка беш достор менен мен анын сёёгън Марракеш кумбёзънё алып келип кёмдък. 18-августта окуунун мёёнётъ бъттъ. Мен ётё деле кыйын болбогондуктан биринчилерден болуп бъттъм да штурмандын лицензиясын алдым. Мындан кийин атайын окуу талап кылынгандыктан мен окуусу Улуу Британияда ётъъчъ оор бомбалоочу самолетту тандап алдым. Ошондуктан 20 августта жаьы лицензия алып мага окшоп оор бомбалоочу самолетту тандап алгандар менен бирге мен Алжирдин жанындагы Бараки базасына кеттим. Биз Алжирден 1944-жылдын 7-сентябрында жёнёдък. Биз Шотландиядагы Глазгонун жанындагы Гренок шаарына 4-сентябрда конвой кемеси менен съзъп келдик.

 

7. Улуу Британия.

 

Биз бир нече кънъбъздъ Лондондогу Патриоттук Мектеп деп аталган жъктъ которуштуруп жёнётъъчъ борборунда ёткёрдък. Лондондо мен кокустан эле учкуч Генерал Леклеркти жолуктурдум; эртеси кънъ ал Парижге ата-энеме Франциядан чыккандан бери биринчи жолку жазган катымды жёнёттъ. 1944-жылдын 25-сентябрында Лондондо мен Уиттекер менен Ватсондун Азыркы анализдин курсу деген математика боюнча жазган китебин сатып алдым. Улуу Британияда жъргён къндёръмдън ичинде мен бул китепти аябай кунт коюп баштан аяк окуп чыктым, себеби менин Жогорку Нормалдуу мектепке кайра кайтып барам деген пландарым бар эле. Улуу Британияда мен Ъзгълтъксъз бёлчёктёрдъ трансценденттик сандарга колдонуш деген макала жаздым. Франция менен Англянын ортосундагы байланыш кайра калыбына келгендиктен мен бул макаланы атама берип жибердим, ал Ревью Сиантифик журналына басылып чыкты.

Мени Лондондон Филей шаарындагы борборго, андан кийин Шотландиянын Дамфрис шаарындагы Машыгуучу борборго жиберишти, ал жерде мен 10-октябрдан 4-декабрга чейин болдум. Андан кийин мени Лузмаут шаарындагы Эксплуатациялык Окутуу борборуна жиберишти, ал жерде 1945-жылдын 2-январынан 9-мартына чейин болдум. Ошол эле жерде учуучу экипаждар тъзълъп, тънкъсън экипаж менен учат элек. Лизмаут тъндък кеьдигинин элъъ сегизинчи градусунда жайгашкан болчу. Кечтин бат киргени тънкъ учууларга ыьгайлуу эле. Штурмандар башка экипаждар менен экинчи штурман болуп деле учушат эле. Бир кънъ тъндё англис экипажы менен учуп конордо самолеттун дёьгёлёктёръ жерге тийип сынып калды да, самолет кондуруучу аянтка сърълъп ёрттёнё баштады. Бардык англистер запас эшиктерден чыгып кетишти, бирок мен ал эшиктер ёрттёнё баштаганга чыга албай калдым; ал самолеттун каркасы алюминийден жасалып боз кендир менен капталган эле; алюминий тирёёчтёрдън ортосундагы боз кендирди айрып туруп аябай арык болгонума чыгып кеттим; англис экипажынын мъчёлёръ бир биринен француз штурман жёнъндё сурашып жатыптыр; Баарыбыз аман калдык, бирок биздин жолдоштор самолеттун ёрттёнъп жатканын кёръшъп бизди курман болушту деп ойлошуптур.

9-мартта Лузмауттагы экипаждардын баарын Галифакста учууну ъйрёнъъ ъчън жаьы базага жиберишти; ал самолеттор согуштук операцияга катышуу ъчън божомолдонгон эле. 1945-жылдын 5 - майында биз Гиена тобуна кошулдук, ал Эркин Француз Аба къчтёрънън эки оор бомбардировщик тобунун бири эле. Бизди шылдыь менен кътъп алышты, эки жылга соэулган укмуштуу оор окуябыздын ушундай бъткёнънё аябай ыза болдук. Ъч къндён кийин Германия кыьк этпей багынып берди жана согуш бъттъ.

Германиянын ъстънён учуп барып керексиз болуп калган бомбаларды Тъндък деьизге таштадык. 1945-жылдын 18-июнунда биздин экипаж Елисей талаасындагы парадга катышты. Йоркширдеги Элвингтондон чыгып Елисей талаасынын ъстънён айтылган убакытта учуп ёттъп Элвингтонго кайтып келип кондук. Июлда Бордо шаарынын жанында жайгашкан Мериньяк базасындагы Гиень жана Гасконь оор бомбардировщик тобун даярдоочу баш макала отрядга кирдим; ушул базадан 1940-жылдын 17-июнунда генерал Де Голль Лондонго учуп кеткен. Бордодон Парижге барып 21 айдан бери кёрё элек ата-энемди кёръп келдим. Мериньякта лицензиат илимий даражасын алууга жетпей жаткан акыркы теориялык Механикадан къбёлък алуу сынагына даярдандым.

Париждеги Персонал борборуна жёнётълъп, Франция жана Испан чек арасынан ёткёндён бери эки жыл жана ъч къндён кийин, 21- октябрь кънъ демобилизация болдум. 24-октябрь кънъ теориялык Механикадан сынакты ийгилъктъъ тапшырып лицензиат илимий даражасын алдым да Жогорку Нормалдуу мектепке экинчи жана акыркы окуу жылына кирдим.

 

Ôðàíöóç òèëèíåí êîòîðãîí
Êîæîáåêîâà Æûëäûç